Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Трамп аба соккуларынан кийин Иран "тынчтык келишимине келиши керектигин" эскертти


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аба күчтөрү Ирандагы ири үч өзөктүк объектиге сокку ургандан эки сааттан кийин элге кайрылуу жасады. Анда Ирандын бардык үч объектиси – Фордо, Натанз жана Исфахан “өзгөчө аскердик жетишкендиктин” арты менен “толугу менен” жок кылынганын айтканын Би-Би-Си жазды.

Ал “дагы көптөгөн бутага алынчу жерлер калганын” белгилеп, “эми Иран тынчтык келишимине келиши керектигин” билдирди. Кийинки чабуулдар мындан да катуу болушу ыктымал экенин айтты.

“Мындай абалда улантууга болбойт. Же тынчтык орнойт, же Иран үчүн трагедия болот”, - деди Трамп.

Ал АКШ менен Израилдин аскерлерине ыраазчылык билдирип, Кошмо Штаттар “терроризмге каршы күрөшүүдө мындай куралдарды колдонууга мындан ары көпкө чейин муктаж болбойт деп үмүт кыларын” белгиледи.

“Эч кайсы армия кыла албаганды биз бүгүн ишке ашырдык”, - деди Трамп.

“Фарда” радиосу Ирандын парламентиндеги Кум аймагынын депутаты Мухаммад Манан Раисинин “Фордо өзөктүк объектиси олуттуу зыян тарткан жок, зыянга учураган негизги бөлүгү жер үстүндө болгон жана аны калыбына келтирүүгө болот” деп айтканын жазды.

Ал “адамдарга коркунуч туудурушу мүмкүн болгон нерселер алдын ала чыгарылып кеткенин жана радиоктивдүү коркунуч тууралуу маалымат жок экенин” белгилеген.

Al Jazeera каналы Ирандын өзөктүк энергия уюмуна таянып жазгандай, АКШнын өзөктүк объектилерге соккусунан кийин ал жерлерде радиациялык коркунуч жаралган эмес.

Аба соккуларынын кесепеттери боюнча көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG