Шейшембиде Ирандын саламаттык сактоо министри Мохаммад Реза Зафаргани акыркы бир суткада Израилдин чабуулдарынан 107 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.
Анын айтымында, Израил чабуул жасаган 13-июндан бери жалпы 606 адам каза болуп, 5000ден ашууну жаракат алды.
"Алардын болжол менен 95% уранды алдында калып каза болгон, ал эми 5% ооруканага жеткирилгенден кийин жаракаттарынан улам көз жумган", - деди министр.
Каза тапкандар арасында жогорку кызматтагы аскер жетекчилери жана өзөктүк программаны иштеп чыгууга катышкан окумуштуулар бар экени айтылды.
"Ирандагы адам укуктарын коргоочулары" уюму каза тапкандардын саны расмий маалыматтан эки эсе көп болушу мүмкүн деп билдирүүдө.
Ирандагы кырдаалга көз салып жаткан Human Rights Activists News Agency (HRANA) бейөкмөт уюму тараткан маалыматка караганда, 19-июнга карата каза болгондор 657 киши, жараат алгандар 2037 деп эсептелди.
Уюм каза тапкандардын кеминде 263ү жайкын тургундар (көбү Тегеранда), 20сы балдар экенин билдирген, мындан тышкары 230 маркумдун тек-жайы белгисиз.
Ал эми Израилдин расмийлери Ирандын соккуларынын 24 адам каза болгонун, 800дөйү жараат алганын бир нече күн мурда кабарлаган.
АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын айтып, эки тарапка тең нааразы экенин билдирди. Ошол эле кезде АКШ лидери ок атышууну токтотуу келишими күчүндө экенин айтты. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Израил Иранга кол салбайт. Бардык учактар артка кайрылып, үйүнө кайтат. Эч ким жабыркабайт, ок атышууну токтотуу аракети күчүндө",- деп жазды ал.
Мунун алдында Дональд Трамп Израилге кайрылып, Иранга чабуулду улантуу - келишимди одоно бузуу болорун айткан.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Израилдин айыптоолоруна жооп берип, Иран ок атышууну токтотуу келишими башталгандан кийин Израилге чабуул жасады деген маалыматты төгүндөдү.
Ирандын Улуттук коопсуздук кеңеши ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргени тууралуу билдирүү жасап, анда Иран өзүнө жасалган "агрессияга" катуу жооп берүүгө даяр экени айтылат.
Ирандын куралдуу күчтөрү да Израилге ракета атылганы тууралуу билдирүүлөр жалган экенин билдирди.
Мунун алдында Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын билдирип, Израил армиясына соккуларды улантуу буйругун бергенин айткан. Кац өз билдирүүсүндө Иранды келишимди бузуп, Израилге ракета менен чабуул жасаганын айыптаган.
Тараптардын билдирүүсүнө чейин Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин АКШ президенти Дональд Трамп жазган болчу.
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын билдирип, Израил армиясына соккуларды улантуу буйругун бергенин айтты. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды.
"Мен Израил армиясына Ирандын ок атышууну токтотуу келишимин бузганына жооп катары Тегерандын режимине күчтүү соккуларды жасоо буйругун бердим", - деп билдирди Кац.
Кац өз билдирүүсүндө Иранды келишимди бузуп, Израилге ракета менен чабуул жасаганын айыптады.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин жазган.
Ирандын мамлекеттик телеканалы 24-июндун таңында Израил менен аскердик жаңжалда ок атышууну токтотуу режими башталганын билдирген. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармактагы баракчасына Ирандын армиясынын аскердик операциялары жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттө токтотулганын билдирген.
Шерине