Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Сирияда чиркөөдөгү жардыруудан 20дай киши мерт болду


Жардыруу болгон чиркөө. Дамаск, Сирия.
Жардыруу болгон чиркөө. Дамаск, Сирия.

Сириянын борбору Дамаск шаарында грек-католик чиркөөсүндө базар күнү жанкечти өзүн жардырып, кеминде 20дай киши мерт болду. Ондогон киши жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып жазды.

Сириянын мамлекеттик САНА агенттиги кабарлагандай, бийлик чабуул үчүн көпчүлүк мамлекеттерде террордук деп табылган “Ислам мамлекети” уюмун айыптады.

Бул былтыр декабрда Башар Асаддын режими кулатылгандан берки жанкечтинин жардамы менен жасалган Дамасктагы биринчи чабуул болуп калды.

САНА агенттиги билдиргендей, чиркөө тосмолонуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG