Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:51

Түз ободо Киевге чабуул алты өмүрдү алды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:59

Дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын Киев шаарына жасаган аба чабуулунун кесепетинен кеминде алты адам каза болуп, 25и жараат алды. Бул тууралуу шаар бийлиги жана Украинанын Башкы прокуратурасынын кеңсеси билдирди.

Чабуулдун кесепетинен Шевченко районунда жайгашкан беш кабаттуу турак үйдүн бир подъезди кыйрап калды. Жанындагы үйдүн терезелери сынып, жакын жерде токтоп турган автоунаалар күйүп кетти.

Мындан тышкары, Святошин, Соломен, Голосеев жана Дарница райондорундагы көп кабаттуу жана жеке турак үйлөр, кеңсе имараттары, коомдук тамактануучу жайлар жана автоунаалар жабыркады.

Киев облусунда чабуулдун кесепетинен жайкын тургун каза болуп, дагы сегиз адам жараат алганын Украинадагы Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат маалымдады.

Борисполь районундагы чабуулдан эки жеке турак үйдө өрт чыккан. Белоцерковь районунда жеке жана көп кабаттуу үйлөр жана Буча районунда төрт жеке үй, үч унаа жабыркаган.

Херсон облусунда да жайкын тургун каза болгону кабарланды.

12:30

Орусиялык аскерлер өткөн түнү Киевге жаңы ракеталык сокку урду. Шаар бийликтеринин айтымында, бери дегенде алты киши каза таап, 19у жарадар болуп, анын сегизи ооруканага жаткырылды.

Киевдин алты району аткылоого кабылды. Турак жайлар, соода борборлору, метро, станциялар жана башка объекттер талкаланды.

20:33 22.6.2025

2024-жылдын 22-июнуна караган түнү Орусия Украинага жапырт аба чабуулун жасады.

Бул тууралуу Украинанын Аскер аба күчтөрүнүн башкармалыгы билдирет. "Искандер-М" / KN-23 баллистикалык ракетасы (Воронеж жана Ростов облусунан), бир С-300 зениттик башкарылуучу ракета (Орусия көзөмөлдөгөн Донецк облусунан), 47 даана Shahed тибиндеги дрон-камикадзе, жана башка түрдөгү БПЛАлар (Курск жана Приморско-Ахтарск шаарларынан) Украинага карай учурулган.

Чабуулдан Донецк, Сум, Одесса облусу жабыркады. Негизги сокку Чернигов облусундагы объекттерге багытталган. Славянск шаарында түнкү чабуулдан бир киши каза болду. Краматорскиде турак жай талкаланды.

19:22 21.6.2025

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын түндүгүндөгү Сумы шаарын басып алуу ыктымалдыгын четке каккан жок. “Биздин андай максатыбыз жок, бирок негизинен мен муну четке какпайм», - деди Путин жума күнү Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда.

Путиндин айтымында, Орусия Сумы облусунда чек арадан 12 чакырымга чейин “коопсуздук зонасын” түзүүгө аракет кылып жатат. “Алар (Украинанын Куралдуу күчтөрү) биздин Курск облусуна чейин кирип келип, кылмыштарды жасашты. Биз аларды кууп чыктык. Эми биз коопсуздук зонасын түзүүгө мажбур болуп жатабыз”, - деп айтканын “Настоящее время” каналы билдирди.

Сумы облусунун административдик борбору болгон бул шаарда согуш башталганга чейин 255 миңдей адам жашачу. Москва 2022-жылдан бери мындай ири шаарларды басып алган эмес. Толук масштабдагы баскынчы аракеттер башталгандан бери Орусияга Украинанын бир гана облустук борбору – Херсонду басып алуу мүмкүн болгон. Бирок кийинчерээк орус аскерлери ал жерден кайра артка чегинишкен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG