Кыргызстанда алты айда тогуз аял төрөттөн каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын алты айында 9 аял төрөттөн каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева 23-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө адистер тартыш болгондуктан келген бейтаптардын абалы оорлошуп кетип жатканын билдирди. Камила Талиева төрөтканаларда коррупция бар экенин айтып, сынга алды.

“Төрөгөнү барган келиндер “менин акчам жок эле карабай койду” деп жазып атышат. Кошуна өлкөдөн келген аялдарды жакшы карашат экен. Эмне бизде төрөтканалар жеке менчик болуп калды беле? Мамлекеттик ооруканалар да”, - деди ал.

Кыргызстанда аялдар кош бойлуу кезинде жана төрөт учурунда каза болгон учурлар буга чейин да кездешкен. Алардын жакындары буга дарыгерлерди күнөөлөп, “туура эмес дары берген же жакшы караган эмес” деген айыптарды койгон учурлар бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Нарын шаарында сел 45 үйдүн короо-жайын каптады"Эркин Европа/Азаттык" менен кызматташкан журналист абактан чыкты Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы кырдаал эл аралык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жатканын айттыКыргызстандан көмүрдү ташып чыгууга тыюу дагы алты айга узартылдыБишкекте карызы бар 6 миңдей абоненттин электр жарыгы өчүрүлөтЮруслан Тойчубеков тергөө абагынан чыкканы белгилүү болдуТашиев укук коргоо органдарында коррупция көп экенин айттыИлимдер академиясынын 20дай имараты менчиктештирилип кеткени аныкталдыКыргызстан менен Орусия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү макулдашты