Нарын облусунун Ат-Башы ройонунда аялын бычак менен коркутуп, жашап жаткан үйүн өрттөп жиберүүгө аракет кылган деген шек менен 36 жаштагы адам (А. уулу К) кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-июнда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну мас болуп алып жубайын бычак менен коркутуп, үйдүн ичине жана жубайына бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракет кылган. Шектүү ширеңке издеп сыртка чыккан учурда аялдын туугандары келип, 102 кызматына кабар берип, милиция кызматкерлери келген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Тергөө иштери уланууда. Социалдык тармактарда бир адам колуна бычак көтөрүп алып жубайын коркутуп жатканы тартылган видео тараган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.
Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.
Жакында эле Ош облуснун Кара-Суу районунда бир адам кайын энесин өлтүрүп, аялын уруп-сабоого шек саналып кармалган.(BTo)