Билим берүү долбооруна Илан Шор илешкенби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда биринчи вице-премьер Данияр Амангелдиев айтып чыкты. Маалыматка караганда, бул жаатта орусиялык “Евразия” деп аталган өкмөттүк уюм иш алып барып жатат.

Аталган уюмга Молдовада 15 жылга соттолгон, кийин орус жарандыгын алган Илан Шордун тиешеси айтылып, кыргыз бийлиги муну четке какты. Кыргызстандын Орусия менен бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү демилгеси коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратууда.