Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:57

Кыргызстанда алты айда тогуз аял төрөттөн каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул жылдын алты айында 9 аял төрөттөн каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева 23-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө адистер тартыш болгондуктан келген бейтаптардын абалы оорлошуп кетип жатканын билдирди. Камила Талиева төрөтканаларда коррупция бар экенин айтып, сынга алды.

“Төрөгөнү барган келиндер “менин акчам жок эле карабай койду” деп жазып атышат. Кошуна өлкөдөн келген аялдарды жакшы карашат экен. Эмне бизде төрөтканалар жеке менчик болуп калды беле? Мамлекеттик ооруканалар да”, - деди ал.

Кыргызстанда аялдар кош бойлуу кезинде жана төрөт учурунда каза болгон учурлар буга чейин да кездешкен. Алардын жакындары буга дарыгерлерди күнөөлөп, “туура эмес дары берген же жакшы караган эмес” деген айыптарды койгон учурлар бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG