Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Израил Ирандагы аскердик жайларга сокку урду


 Тегерандын чабуулдан кийинки көрүнүшү. 23-июнь, 2025-жыл.
Тегерандын чабуулдан кийинки көрүнүшү. 23-июнь, 2025-жыл.

23-июнда Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ирандагы аскердик объектилерге абадан сокку жасаганын билдирди.

Израил армиясынын маалыматында, алты аэробазага, курал-жарак кампаларына жана ракета учуруучу түзүмдөргө чабуул жасалды.

Расмий Тегеран түнкү чабуулдар тууралуу билдирүү тараткан жок. Ирандагы Кызыл жарым ай уюму Тегерандагы кеңсесине жакын имарат соккуга кабылганын билдирди.

Израил басылмалары Тегерандагы белгилүү Эвин түрмөсүнүн дарбазасына "символикалык сокку" урулганын жазышты. Бул абакта саясий туткундар, журналисттер, жарандык активисттер жана чет элдиктер отурат.

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Тегеранга жасалган чабуулду тастыктап, анын максаты "режимдин объектилери менен репрессиялык түзүмдөрүн" бутага алуу болгонун айтты.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусуна жакын булактар Израил Фордо уран байытуучу заводуна да сокку урганын билдиришти. 22-июнда АКШ да бул ишкананы бутага алганы кабарланган болчу.

23-июнда Иран да Израилге жооп катары сокку урганын жарыялады.

АКШ 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк объектилерине абадан сокку уруп, президент Дональд Трамп бул операцияда негизги өзөктүк жайлар “толук талкаланганын” билдирди.

Иран Пентагондун чабуулу үчүн өч аларын жарыялап, азырынча сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, Израилге ракеталык сокку урду.

БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырды. 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG