АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын айтып, эки тарапка тең нааразы экенин билдирди. Ошол эле кезде АКШ лидери ок атышууну токтотуу келишими күчүндө экенин айтты. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Израил Иранга кол салбайт. Бардык учактар артка кайрылып, үйүнө кайтат. Эч ким жабыркабайт, ок атышууну токтотуу аракети күчүндө",- деп жазды ал.
Мунун алдында Дональд Трамп Израилге кайрылып, Иранга чабуулду улантуу - келишимди одоно бузуу болорун айткан.
24-июнда Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иран ок атышууну токтотуу келишимин бузганын билдирип, армияга соккуларды улантуу буйругун бергенин айткан. Кац өз билдирүүсүндө Иранды келишимди бузуп, Израилге ракета менен чабуул койду деп айыптаган.
Ирандын куралдуу күчтөрү Израилге ракета атылганы тууралуу билдирүүлөр жалган экенин билдирген.
Ирандын мамлекеттик телеканалы 24-июндун таңында Израил менен аскердик жаңжалда ок атышууну токтотуу режими башталганын билдирген. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармактагы баракчасына Ирандын армиясынын аскердик операциялары жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттө токтотулганын жарыялаган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын айткан. (AiA)
Шерине