Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Казак президенти абактагыларга мунапыс берүү мыйзамына кол койду


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

23-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Конституциянын 30 жылдыгына байланыштуу амнистия жөнүндө" мыйзамына кол койду.

Бул тууралуу ал күч түзүмдөрүнүн кеңейтилген коллегиясында билдирди.

"Бул мыйзам жаңылган адамдарга жол ачып, аларды кайра коомго кайтарууга жардам берүүнү көздөйт. Аль-Фарабинин сөзү менен айтканда, ырайымдуулук бул ыймандуу элдин ажырагыс сапаты. Муну менен мамлекет мыйзам бузган адамдан жүзүн бурбай, тескерисинче, аны оң жолго түшүүгө үндөй турганын көрсөтөт. Адилеттүү коомдо сот да адилеттүү жана гумандуу болушу керек. Ошол эле маалда мунапыс - бул бир жолку чара, системалуу чечим эмес экенин түшүнүшүбүз керек",- деди Токаев.

Казак президентинин айтымында, Казакстандын жаза аткаруу тутуму олуттуу реформага муктаж. Анын алкагында жасалган иш адамды кайра тарбиялоого багытталышы керек.

Расмий маалыматка ылайык, коңшу өлкөдө мунапыс 15 миңден ашуун адамга берилет. Алардын 2 миңге жакыны абактан бошотулуп, калганынын жаза мөөнөтү кыскартылат. Бул жеңил жана орточо оор кылмыштар үчүн соттолгон, өзгөчө аялдар, жашы улгайгандар, балалуу энелер, өспүрүмдөр жана башка социалдык аялуу топторго тиешелүү.

Мыйзамга ылайык, амнистия коррупция, терроризм жана экстремизмге айыпталгандарга, рецидивисттерге, өмүр бою соттолгондорго жана өлүм жазасы башка жазага алмаштырылгандарга, уюшкан кылмыштуу топтун курамындагы кылмыштарга, абак ичинде атайылап жасалган кылмыштарга, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга: киши өлтүрүү, зордуктоо, адам сатуу, каракчылык, маңзаттарын (сатуу) мыйзамсыз жүгүртүү, курал-жарак, жапырт башаламандыктар жана башка беренелер менен соттолгондорго колдонулбайт.

Жогорудагы мыйзамды Казакстандын сенаты 19-июнда колдогон. Эл аралык укук коргоо уюмдары "саясий туткун" деп тааныган жарандык активисттердин бул амнистиянын алкагында абактан бошотулбай турганы белгилүү болду. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG