Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:54

Грузияда оппозициячыл саясатчы сегиз айга камалды


Бадри Жапаридзе.
Бадри Жапаридзе.

Грузияда оппозициядагы "Күчтүү Грузия" партиясынын лидери Бадри Жапаридзе сегиз айга эркинен ажыратылды. Маалыматка караганда, ага Кылмыш кодексинин 349-беренеси боюнча башкача айтканда, парламентте "Грузин кыялы" партиясы түзгөн убактылуу иликтөө комиссиясынын жыйынына баруудан баш тартканы үчүн айып тагылган.

23-июнда Тбилиси шаардык сотунун судьясы Звиад Шарадзе чыгарган өкүмгө ылайык, Жапаридзе мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан эки жылга ажыратылды. Мындай жаза буга чейин анын партиялашы Мамука Хазарадзе жана дагы оппозиялык саясатчы Зураб Жапаридзеге да берилген.

Бадри Жапаридзе жана анын партиялаштары сот өкүмү чыгарылганда сот залында болгон эмес. Алар ошол учурда партиянын кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрүп жатышкан.

"Бул иш мага жана Мамукага каршы саясий максатты көздөйт, кысымга алуу аракети. Бийликтин максаты - бизди сындыруу, күрөштөн баш тартууга мажбурлоо. Бирок бул болбойт. Бул комиссия иликтөө органы эмес, бул бир партиялуу жазалоочу машина. Муну бүтүндөй дүйнө билет. Биздин үнүбүздү өчүрүү мүмкүн эмес. Биз мекенибиздин келечегине кыянаттык кылбайбыз", - деди Жапаридзе.

5-февралда "Грузин кыялы" партиясы “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы бийликте турган мезгилин изилдөө үчүн тергөө комиссиясын түзгөн.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG