Ош шаарында жолдорду кеңейтүүдө жана каналдардын жээгин ачууда турак жайы буздурулуп жаткан адамдарга кытайлык “Кунлунь” курулуш ишканасы 520 үй куруп берет.
Ош шаарынын мэриясы 23-июнда Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев “Кунлунь” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Чиан баштаган делегациялык топту кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлганын кабарлады.
Ага ылайык, кытайлык ишкана Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жер тилкесине 520 үй куруп берет. Жеңишбек Токторбаев суук түшкөнгө чейин үйлөрдү тез куруп бүтүп, элди көчүрүп кетүүгө жетишүү керектигин айтты. Курулуш иштери 1-июлда башталат.
Кыргызстандын жер-жерлеринде, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат.
Айрым адамдар жеке менчик укугу бузулуп жатканын айтып чыгышкан. Буга чейин бир катар депутаттар Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу ишинде этият болууга чакырышкан. (BTo)