Мирзиёев кызы Саиданы президенттик администрациясынын жетекчиси кылып дайындады

Саида Мирзиеева

Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев кызы Саиданы президенттик администрациянын жетекчиси кылып дайындады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди. Маалыматка ылайык, эки жыл мурун жоюлган бул түзүм кайра түзүлүп, президент тун кызын өлкөдөгү жогорку кызматка дайындаган.

40 жаштагы Саида буга чейин президенттин жардамчысы болуп иштеп келген. Ага чейин президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы, андан мурун 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басарлыгын аркалаган.

Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда сейрек көрүнүш эмес. Тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмондун тун кызы Озода президенттик администрацияны жетектесе, уулу Рустам Дүйшөмбүнүн мэри, парламент төрагасы деген экинчи чоң кызматты ээлейт. Түркмөнстанда болсо Сердар Бердымухамедов 2022-жылы өлкөнү 16 жыл башкарган атасынан бийликти өткөрүп алган.

Дагы караңыз

Казак президенти абактагыларга мунапыс берүү мыйзамына кол койдуТажикстан АКШнын Иранга жасалган аба соккуларын айыптадыТүркмөнстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу АКШ менен сүйлөштү