Ирандын тышкы иштер министри Түркмөнстанга расмий сапар менен барды

Ирандын башкы дипломаты Аббас Аракчи БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде.

Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи 23-июнда Түркмөнстанга расмий сапар менен келип, эки тараптуу кызматташтык маселелери боюнча жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Ашхабадда өткөн жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал талкууланды. Иран менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, аймактык жана эл аралык мааниге ээ маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Маалыматка караганда, Ирандын башкы дипломаты Түркмөнстандын президентине Иран элине көрсөткөн боордоштук колдоосу жана гуманитардык маселелерди ишке ашарыганына ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Түркмөнстан эл аралык жаңжалды күч колдонуу менен чечүүгө каршы экени, БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине таянып, тынчтык жолу менен гана чечүүнү колдой турганы белгиленди.

Мындан тышкары, Ашхабад Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу жана чөлкөмдө тынчтыкты камсыз кылуу үчүн бардык кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөргө катышууга даяр экенин билдирди.

Мунун алдында Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаган.

Израилдин Иранга каршы 13-июнда баштаган аба соккуларынан кийин Түркмөнстан коңшусу Иран менен чектеш аймактарда коопсуздукту күчөткөн. "Азаттыктын" түркмөн кызматына ишенимдүү булактар билдиргендей, түркмөн бийлиги аскердик даярдыкты жогорулатып, гуманитардык жардам көрсөтүү ишин аткара баштаган.

Түркмөнстандын Иран менен чек арасы 1100 чакырым. (AiA)

Дагы караңыз

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалганы кабарлануудаБеш айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 30% көбөйдүБишкекте жыл башынан бери автобус айдаган 733 айдоочу жумуштан алынды