Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

Беш айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 30% көбөйдү


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.

Кыргызстанда 2025-жылдын беш айында (январь айынан июнь айына чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 8024 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын алгачкы беш айына салыштырганда (2024-жыл 6192 факты катталган) 30% же 1832 фактыга көп.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 2022 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 681 адам коомдук ишке тартылып, 998 киши камакка алынган.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG