Милиция Кара-Суу базарындагы окуяны териштире баштады

Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базарындагы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын билдирди. Милиция эки тарап тең арыз менен кайрылганын, арыздануучуларга соттук-медициналык экспертизалар дайындалганын кошумчалады.

24-июнда социалдык тармактарда Кара-Суу базарында иштеген соодагерди базардын жетекчиси Нурбек Эргешов ур-токмокко алганы тууралуу маалымат тараган. Видеодо бети-башы канжалаган адамды көрүүгө болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы 26-январда Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтө турганын айткан.

Кара-Суу базарынын айланасында тараптардын талашы көптөн бери болуп келе жаткан. Буга чейин соттун эки инстанциясы Кара-Суу базарын мамлекетке алуу боюнча Мамлекеттик мүлк агенттигинин пайдасына чечим чыгарган. (BTo)

Дагы караңыз

“Крокус Сити Холлдогу” чабуулга байланыштуу тергөө аяктадыИран келишимден кийин Израилге ракета атпаганын билдирдиОшто кайненесин өлтүрүп, аялын сабоого шектүү эки айга камалдыБеш айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 30% көбөйдүТокмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев кармалганы кабарлануудаБишкекте жыл башынан бери автобус айдаган 733 айдоочу жумуштан алынды