Президенттин администрациясы жана облустагы өкүлчүлүк буларды четке кагып, бардык эле аймактарга бирдей көңүл бурулуп жатканын билдирүүдө.
"Кор болду байкуш Нарыным"
Интернетте жергиликтүү акындын Нарындагы көйгөй тууралуу ыры социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.
Анда Нарын облусундагы социалдык көйгөйлөрдөн баштап, жол курулушу, жергиликтүү бийликтин элге мамилеси баяндалып, Кыргызстандагы башка аймактарга көңүл бурулганы менен Нарын унутта калып жатканы айтылган.
"13 жашар баланын арманы" деген дастандын обонуна салынган ырда президентке "ата" деп кайрылып, аймактагы көйгөйлөрдү тизмектеген.
Байкасам башка дубанда,
Батирлер бүттү кайкалап.
Кор болду байкуш Нарыным,
Ата, коргосоң болмок калкалап.
Бул ырдын интернетке чыгышы менен социалдык тармактарда талкуу күч алып, Нарын облусундагы чечилбей келаткан көйгөйлөрдү тизмектеп жазгандар көбөйдү.
Анда ички жолдордун кароосуз калганы, оңдоло баштаган иштердин создугуп, көзөмөлдүн болбой жатышы, Ак-Талаа районунун жолу жүрүүгө такыр мүмкүн болбой калганын санашкан.
Ыр социалдык тармактарда байма-бай бөлүшүлүп, Кытай менен чектеш тоолуу облустун көйгөйлөрү тууралуу флешмобго айланды.
"Облуста иштер жүрүп жатат"
Мындай посттор жарыялангандан кийин Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирүү таратып, учурда Нарын облусу боюнча 9,5 миллиард сомдук иштер жасалып жатканын, жол салуу, социалдык обьектилер, администрациялык имараттар, ирригация системасы боюнча иштер жүрүп жатканын жазган.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев да Нарын облусу каралбай калды деген пикирлерди четке кагып, бул аймакта жүрүп жаткан иштердин тизмесин Фейсбукка жазды.
Журналист Төлөгөн Сулайманов өкмөт иштер жасалып жатканын айтканы менен тургундарга өзгөрүүлөр сезилбей, башталган иштер аягына чыкпай турат деген пикирде.
“Аткарылды деген иштердин натыйжасы элге көрүнбөй жатат. Маселен, Нарын шаарынын жолдору аликүнчө жасала элек. Айыл аралык жолдор аз-аздан, 3 чакырымдап жасалып жатканы менен элдин турмушунда сезилерлик эч нерсе жасалган жок. Нарын облусунун потенциалы чоң. Бирок биз бул мүмкүнчүлүктү туура эмес пайдаланып жатабыз. Бийлик куруп атабыз деген стадион, аэропорт Нарын үчүн актуалдуу эмес. Ошол каражаттарды натыйжалуу пайдаланып, кайра иштетүү тармагына кыйыр жана түз субсидия катары берилсе жакшы болмок. Менимче, чечилбеген көйгөйлөрдү айтып чыккан элдин койгон маселеси туура эле”.
Облус башчынын түшүндүрмөсү
Президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Эргешов бул аймакка да көңүл бурулуп жатканын бир катар курулуштар, каражаттардын бөлүнүшү менен далилдөөгө аракет кылды. Ал Нарын шаарынын ички жолунун курулушу кечеңдеп жатканын мойнуна алып, көйгөйдү тендерден уткан компанияга байланыштырды.
“Эгерде баары мурда эле жасалып калган болсо, ыр жазылмак эмес. Президентибиз Нарынга келгенде, шаардыктардын бүт талаптарына колдоо көрсөтүп, чечип берген. Ички жана негизги жолдордун каражаты бөлүнгөн. Аймактык ички дүң өнүм 2021-жылы 18 миллард болсо, 2024-жылды 35 миллиард менен жаптык. Бул эки эсеге көбөйгөнү. Быйыл 39-40 миллиардга жеткирели деп атабыз. Ушул курулуштардын баары камтылган капиталдык салымдар 2021-жылы 3 миллиард сом болсо, былтыр 7 миллиард 400 миллон, быйыл 7 миллиард 650 миллион болот деп атабыз”.
Интернет колдонуучулар болсо аймактагы иштер абдан жай жүрүп, Нарын шаарындагы борбордук көчөнү ондоп-түзөө кечеңдегенин айтып жатышат.
Соңку жылдары өкмөт аймактарга өнүктүрүү үчүн кошумча каражат бөлүнүп жатканын билдирип келет. Коомчулукта мындай жумуштар бардык аймактарда текши жүрбөй жатканын айтып, нааразы болгондор чыккан.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин мындай кептерди четке каккан.
“Жалал-Абадга эле, Ысык-Көлдө эле курулуштар жүрүп жатат деп айткандар болууда. Бул туура эмес. Жалал-Абадга 10 миллиард, Ошко 20 миллард сом бөлүндү. Баткенге 7-8, Таласка 2, Көлгө 5-6, Нарынга 2 миллиард, Чүйгө 10 миллиарддын тегерегинде акча берилди”, - деген Ташиев.
Коомчулукта бийликке жеткен кайрылуудан соң Нарында кандай иштер болушу мүмкүн деген суроо кызуу талкууланып жатат.
Шерине