Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

УКМК Токмоктун мэри жана эки жетекчи камалганын ырастады


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Токмокто сейил бак курулушуна байланыштуу иликтенип жаткан иштин алкагында шаар мэри жана дагы эки жетекчи камакка алынганын ырастады.

"Сейил бактын курулуш иштерине 44 миллион сом каралып, анын 42 миллиону курулуш ишканасына өткөрүлүп берилген. Иш жүзүндө каражат толук жумшалбай, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген", — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Ага ылайык, Токмок шаарынын мэри Н.М.О., Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А., жана «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсынын аткаруучу директору К.Т.Э. атайын кызматтын төрагасынын буйругу менен кармалган.

Маалыматта белгиленгендей, аталган компания шаардагы жаңы сейил бактын курулушун жүргүзүп жаткан. Бирок бөлүнгөн 44 миллион сом толук көлөмдө жумшалбай, курулуш сапаты төмөн деңгээлде экени аныкталган.

24-июнда Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасы менен Токмок шаарына барып, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жыйын өткөргөн.

Жыйындын соңунда Ташиев Чүй облусундагы ар бир район, шаар, айыл башчыларына 10 күн аралыгында жашылдандыруу иштерин жүргүзүү талабын койду.

Мунун алдында социалдык тармактарда Токмок шаарынын мэриясынын имаратынан жарандык кийимчен адамдар үч кишини алып чыгып кетип баратканы тартылган тасма тарады. Маалымат каражаттары Токмок мэриясында Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын өткөнүн, мэр Максат Нусувалиев жана дагы эки адам жыйын учурунда кармалганын жазышкан.

23-июнда Инстаграмдагы tokmok_life баракчасында Токмок шаарынын 1-3-кичи райондорунун тургундарыбыз деген адамдар президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Видео кайрылууда ал аймакка салынып жаткан жаңы сейил бактын курулушу убагында бүтпөй, курулуш сапатсыз жүрүп жатканын айтышкан.

Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматына 2023-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG