“Крокус Сити Холлдогу” чабуулга байланыштуу тергөө аяктады

“Крокус Сити Холлдун” имараты.

Орусиянын Тергөө комитети “Крокус Сити Холлдогу” чабуулга байланыштуу тергөө аяктап, иш сотко жиберүү үчүн прокуратурага өткөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, анын алкагында 19 адам камакка алынды. Алардын көбү Тажикстандын жарандары.

Тергөөнүн маалыматына караганда, теги тажикстандык төрт адам — Мухаммадсобир Файзов, Далержон Мирзоев, Фаридуни Шамсидин, Саидакрами Рачабализода саат 19:00 чамасында миңдей адам концерт көрүүгө келген залга кирип барып, ок чыгарышкан. Теракт учурунда 145 адам өлүп, ондогону жараат алганы кабарланган. Кол салууга шектүүлөрдү Брянск облусунан кармашкан.

Төртөө тең "теракт уюштуруу" беренеси менен айыпталып жатканы, ар бири 25 жылдан камалышы ыктымалдыгы кабарланган.

Тергөө комитети чабуулду Украинанын расмий өкүлдөрү уюштурганын билдирүүдө. Киев ага өзүнүн катыштыгын четке каккан. "Ислам мамлекети" террордук тобу чабуулду уюштурганын билдирген.

2024-жылы 22-мартта Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик борборунда теракт болгон.

Бул куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөп, Орусиянын бийлиги тиешелүү мыйзамдарын катаалдаткан. (AiA)

Дагы караңыз

Ошто кайненесин өлтүрүп, аялын сабоого шектүү эки айга камалдыБеш айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 30% көбөйдүИзраил Тегеранды келишимди бузууга айыптады, Иран дооматты четке какты