Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Иран телеканалы: Иран ок атышууну токтотууну жарыялады


Тегеран. 23-июнь.
Тегеран. 23-июнь.

Ирандын мамлекеттик телеканалы 24-июндун таңында Израил менен аскердик жаңжалда ок атышууну токтотуу режими башталганын жарыялады. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармактагы баракчасына Ирандын армиясынын аскердик операциялары жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрттө токтотулганын билдирди.

Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social платформасына Иран-Израил жаңжалында ок атуу толук токтоп, эки тарап тынчтыкка келишкенин жазган.

Жакынкы Чыгыштагы дагы бир куралдуу жаңжал 13-июнда Израил Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган.

Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израил тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келаткан. Эки тараптан тең жайкын адамдар жабыркап жатат.

АКШ 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк объекттерине абадан сокку жасаган. Президент Дональд Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” билдирген. Иран Пентагондун чабуулу үчүн өч алаарын жарыялаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG